"Чек арасыз кабарчылар" уюму Бакуну "Туран" агенттигине кысым көрсөтпөөгө чакырат

"Туран" кабар агенттигинин көрнөгү. Азербайжан.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму (Reporters Without Borders - RSF) Азербайжан бийликтери өлкөдөгү жалгыз көз карандысыз «Туран» кабар агенттигине кысым жасап жатканын айыптап чыкты. 11-августта бул өлкөнүн салык кызматы агенттикти 2014-жылдан берки тапкан кирешесин көрсөтпөй койгон деп айыптап, 37 миң манатты (20 миң доллар) казынага төгүүгө милдеттендирген.

“Азербайжанда жападан жалгыз калган маалымат каражатына бийликтердин качан асылары күтүлгөн эле иш болчу”, - дейт «Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Иоганн Бирр (Yohan Birr).

Азербайжандын расмий органдары «Туранды» текшерүүнү 7-августта баштап, эртеси күнү салык кызматкерлери агенттиктин кеңсесине келишкен. Агенттик салык кызматынын жогорудагы айыптоосун четке кагып, Бакунун экономикалык сотуна арыз менен кайрылды.

"Мындай текшерүүлөр таанымал жаңылыктар агенттигин каржылык жактан туңгуюкка такайт”, - деп баса белгилейт Бирр.

“Биз бийликтерди өлкөдөгү жалгыз көз карандысыз маалымат каражатын текшерүүнү токтотууга чакырабыз”, - деди эл аралык уюмдун өкүлү Бирр.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму жарыялаган басма сөз эркиндиги жаатындагы көрсөткүчкө ылайык, Азербайжан 180 өлкөнүн ичинен 162-орунду, б.а. арттагы орундардын бирин ээлейт.