Ош шаарында шахмат боюнча республикалык турнир өтүп жатат. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте 11-августта башталган мелдеш 13-августта жыйынтыкталат. Ага балдар жана чоңдор катышууда.
Шахмат федерациясынын мурунку вице-президенти Токтосун Абдукадыровдун жаркын элесине арналган турнирди аталган федерация уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан 120дай шахматчы келген.