Оштун мэри Анжиянга иш сапар менен барып келди

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев иш сапар менен Өзбекстандын Анжиян шаарына барып келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 10-августтагы сапар алкагында бизнес-форум жана маданий жолугушуулар өттү.

Оштон барган делегация Анжиян облустук кыргыз маданий борборуна боз үй белек кылды. Ош жана Анжиян шаарларынын мэрлери жолугушуп, соода-экономикалык байланыштар жаатында мамилени жандантуу маселесин талкуулашты.

Сентябрда Анжиян шаарынын акими Дилмурат Рахматуллаев баштаган делегация Ошко келет.

Бир канча жыл муздап турган кыргыз-өзбек мамилеси 2016-жылдын күзүндө жанданып, тараптар бир канча жолугушууларды уюштурушту. (SE)