Эмилбек Каптагаев соттон Садыр Жапаровду актоону өтүнүп жатат

Эмилбек Каптагаев

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев “Мекенчил” партиясынын лидери Садыр Жапаровду актап бергиле деп сотко кайрылды. Мындай арыз бүгүн Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөнүн Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов кабарлады:

- Канча жыл иштеп келаткан тажрыйбамда жабыркаган адам айыпталуучуну актагыла деп суранганын биринчи жолу көрүп жатам. Каптагаев "мен Жапаров менен саясий каршылашмын, бирок ал мени барымтага алууну уюштурбагандыктан аны жөндөн-жөн каралоого адамдык намысым жол бербейт" деп айтууда.

Каптагаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун Жапаровго карата 2-августтагы өкүмү далилсиз экенин айтууда.

Райсот 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча актап, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен болчу.

Жапаров Каптагаевди барымтага алууну уюштурду деп айыпталган.

Ал быйылкы президенттик шайлоого талапкер болууга арыз берген. Бирок 10-августта Боршайком аны каттоодон баш тартты. 2013-жылы Жапаров бийликти басып алууга аракет жасаган деп 1,5 жылга кесилген. Абактан чыккандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. БШК анын бул соттуулугу жоюлганы тууралуу аныктама жок деген негизди карманды. (RK)