Текебаев-Чотонов сотунда жарыш сөз башталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн 1-Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы министри Дүйшөн Чотоновдун сот процесси өтүүдө. Прокурор Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы дагы Текебаев тил сынагына катыша албайт деген чечим кабыл алды