Бишкекте бир нече үй-бүлө көчөдө жашап жатат

Бишкектин жогору жагындагы Киргизия-1 конушунун жанында бир топ адам өткөн аптадан бери балдары менен жол боюнда чатырда күн кечирип жатышат. Алар ошол жердеги талаштуу эки кабат үйдө жашачу.

24 үй-бүлө быйыл июнь айында имараттан күч менен чыгарылган.

Сот аткаруучулар департаменти билдиргендей, имарат алгач "Керамика" ишканасына таандык болгон. Кийин "Аманбанктын" карамагына өткөн.

Бишкектин Ленин райондук сотунун 2013-жылдагы чечимине ылайык, ал жерде жашагандар чыгарылышы керек болчу.

Тургундар 20 жылдай мурун үй кароосуз турган кезде кирип жашап алышканын, колдорунда эч кандай документ жок экенин билдирген. (SA/RK)