Стамбулда Манастын айкели расмий ачылды

Стамбул, Манастын айкели

Стамбул шаарынын Сүтлүже аймагындагы сейил бакта атайын бөлүнгөн жерге орнотулган Манастын айкелинин ачылышына Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация, Стамбулдун мэри Кадир Топбаш, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элчилер катышты.

Бийиктиги 10 метрлик айкелде атчан Манас колуна кылыч кармап турат.

Айкел ишкер Темирлан Сарлыкбек уулунун жеке каржысына тургузулган. Ага жалпысынан 4 миллион сом сарпталган. (ElB)