Түркиянын Бодрум аймагында жер силкинди

Бодрум шаары

Түркиянын Бодрум аймагында магнитудалык күчү 5,3 баллды түзгөн жер титирөө болду. Азырынча жабыркагандар тууралуу кабарлар чыга элек.

АКШнын геологиялык кызматы маалымдагандай, жер титирөө 8-августта жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 11ге чейин Жер ортолук деңиздин Бодрум шаарынан 14 чакырым алыстыктагы жээгинде катталган.

Бодрум - Түркиянын чет элдик туристтер жана жергиликтүү тургундар көп эс алган шаарларынын бири.

Өткөн айда да Эгей деңизи аймагында жер титирөө болуп, ал Грекиянын Кос аралындагы эки кишинин өмүрүн алган. Туристтер көчөгө чуркап чыгып, Бодрум шаарында да жол тыгындары пайда болгон.

Июнь айында да Түркиянын батыш жээгинде жана Грекиянын Лесбос аралында күчү 6,3 баллдык жер титирөө катталган.