Орусия АКШ долларынан көз карандылыкты азайтууга аракеттенет

Орусия АКШ долларынан көз карандылыкты азайтуу аракетин күчөтөт. Вашингтондун Орусияга карата жаңы санкцияларына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганын орус дипломаттары айтууда. Буга Орусияда өндүрүлгөн мунай, газ жана башка продукциянын дүйнөлүк базардагы наркына тийген терс таасир себеп болду.

АКШнын бир катар мекемелери Орусия былтыр ноябрь айындагы президенттик шайлоого киберчабуулдар аркылуу кийлигишкен деп эсептешет. Кремль бул дооматтарды четке кагып келет.

Өткөн аптада АКШ президенти Доналд Трамп Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койгон. Москва буга жооп катары АКШнын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген 755 кызматкерди кыскартууну чечкен.