Текебаев: Мага каршы жалган көрсөтмө бергендерди жоопко тартуу керек

Өмүрбек Текебаев

Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда.

Текебаев көрсөтмө берип жатып Талант Маматкеримовду жакшы тааныбай турганын, аны 2010-жылы Москвага чогуу учканда биринчи жолу көргөнүн, ал Леонид Маевский менен мурдатан тааныш болгонун айтып берди.

“Менин ишимде бир да жабыркаган тарап же бир да сом чыгым жок” деп белгилеген саясатчы Маевский менен инвестор катары гана жолукканын, башкы максаты Миронов сыяктуу таасирдүү адамдар менен жолугуу жана Орусиянын борбордук ЖМКларына чыгуу болгонун кошумчалады. Ошондой эле Текебаев муну ишке ашырууга Маевский жардам берем деп, бирок убадасын аткарбаганын айтты.

Мындан тышкары ал “жалган көрсөтмө бергени үчүн” Өмүрбек Абдрахманов ("Ата Мекен" партиясынын мурдагы депутаты), Леонид Маевский жана Алексей Модинди кылмыш жообуна тартыш керектигин айтып “алар УКМКнын фальсификациясы менен көрсөтмөлөрүн 6 жолу өзгөртүштү” деди.

Текебаев менен Чотонов орус жарандары Маевский жана Модинден кийин каза болуп калган Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу ири суммада пара алган деп соттолуп жатышат. Бул айыптоону алар саясий куугунтук деп атоодо. Кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура саясатка аралашпай турганын билдирген. (UEz/RK)