Наманганда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү уланууда

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети.

Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги сүйлөшүүсү уланып жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, жолугушуу 5-августтан 13үнө чейин болот. Тараптар ушуну менен он бешинчи ирет кезигишти.

2016-жылдын соңунан бери эки мамлекеттин тийиштүү адистери ай сайын тигил же бул өлкө аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатышат.

Эки өлкөнүн расмийлери тең сүйлөшүүлөр жакшы маанайда өтүп жатканын, жылыштар бар экенин белгилешет. Бирок азырынча маселе качан аягына чыгаары белгисиз. Тыянактар тууралуу эки тараптан тең кеңири маалымат таратылган жок.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө элек.(ZKo)