Спорт: Балбан Акжол Махмудов жаштардын дүйнө чемпиондугунда күмүш медал тагынды

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде. Тампере. Финляндия. 05.8.2017.

Ушул күндөрү Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан Акжол Махмудов күмүш байгенин ээси болду.

Грек-рим күрөшүнөн 74 килограммга чейинки салмактагылар арасында 5-августта болгон финалдык таймашта Махмудов АКШ балбаны Камал Амир Бей менен таймашып, 16:11 эсебинде жеңилип калды.
Алтын байге үчүн таймашка чейин Акжол Махмудов төрт беттеш өткөрүп жеңишке жеткен. Алгач норвегиялык Пьер Андерс Курени 9:0 эсебинде жеңген. Андан кийин 1/8 финалда индиялык Сажан Сажанды 10:2 эсебинде, чейрек финалда ирандык Мохаммад Паревиз Шорби Неязини 2:2 эсебинде, жарым финалда түркиялык Али Осман Ербайды 7:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.
Акжол Махмудов уландар арасында (кадеттер) Азиянын эки жолку, дуйнөнүн бир жолку чемпиону. Жаштар арасында быйылкы Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү.

Айпери Медет кызы алтын медал тагынды. 04.8.2017.

5-августта грек-рим күрөшүнөн төрт салмакта байгелер ойнотулду. Махмудовдон сырткары Кыргызстандан бул мелдешке Турат Кыдырбек уулу (50 кг.) менен Нусупбек Топчубаев (60 кг.) катышып, тилекке каршы, алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип, мелдештен четтеп калышты.

6-августта төрт салмакта байгелер ойнотулат. Бул күнү Кыргызстандын атынан Жоламан Шаршенбеков (55 кг.), Амантур Исмаилов (66 кг.), Калидин Асыкеев (84 кг.) жана Роман Ким (120 кг.) килемге чыгышат.

1-августта башталган спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу бүгүн, 6-августта жыйынтыкталат. Буга чейин эркин күрөш боюнча беттештер жыйынтыкталган.
Эркектер арасында эркин күрөштөн Акбар Кенжебек уулу (50 кг.) коло, кыздар арасында эркин күрөштөн Айпери Медет кызы (72 кг.) алтын, Мээрим Жуманазарова (67 кг.) коло медал тагынды. (ECh)