Стамбулга Манастын айкели коюлду

Стамбулдагы айкел

Түркиянын Стамбул шаарында кыргыз элинин алп баатыры Манастын айкели коюлду. Ал шаардык тарыхый Халич аймагына орнотулганын эстеликтин демилгечилеринин бири Темирлан Сарлыкбек уулу билдирди. Анын айтымында, айкелди кыргызстандык адистер сегиз ай аралыгында жасашкан. Ачылышы 9-августта өтөт.

Дүйнөдөгү эң ири дастан саналган "Манас" эпосунун башкы каарманы Манастын эстелиги буга чейин Москвага да орнотулган.