Бишкекте Үркүн курмандыктары эскерилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук китепканада 1916-жылдагы көтөрүлүш курмандыктарынын элесине арналган “Тарыхтын эскирбес тагы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө ачылды. “Ашар” кыймылы Боом капчыгайында, “Кыргыз Эл” коомдук уюму Бишкектин Түштүк дарбазасына коюлган айкелдин жанында кандуу окуяны эскерип, митинг-реквием өткөрүштү. Жыйында айрым катышуучулар 1916-жыл окуясын эскерүүгө коомчулук кайдыгер деген пикирлерин айтып, ошондуктан бул окуяны кийинки муун өкүлдөрүнө жеткирүү иштери жеткиликтүү жүрбөй жатканын белгилешти.