Европа соту Ферузду Орусиядан чыгарбоону өтүндү

Али Феруз

Европадагы адам укуктары боюнча сот журналист Али Феруздун иши Страсбургда каралып жаткан учурда аны Өзбекстанга чыгарбоону орус бийлигинен өтүндү. Бул тууралуу "Мемориал" укук коргоо борборунун юридикалык директору Кирилл Коротеев Фейсбук баракчасына жазды.

Орусиялык "Новая газетанын" журналисти Али Феруз (Худоберди Нурматов) шейшембиде кармалган. Андан бир күн мурда журналист орус бийлигинин ага саясий башпаанек берүүдөн баш тартканына байланыштуу арыз жазган. 1-августта болсо Басман соту Ферузду Өзбекстанга депортациялоону чечкен болчу. Ошондо ал өз өмүрүнө да кол салууга аракет кылган.

2012-жылы Али Феруздун паспорту уурдалган. Аны калыбына келтирүү үчүн мекенине кайта албайт. Журналисттин айтымында, ага Өзбекстанда террордук уюмдар менен кызматташкан деген айып коюлушу мүмкүн.

Ферузду журналисттер, "Чек арасыз кабарчылар", Эл аралык мунапыс, Human Rights Watch сыяктуу укук коргоо уюмдары коргоп чыгышкан.