Шайлоо-2017: Ө.Текебаев Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогултууну өтүндү

Оппозициядагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. 05.6.2017.

“Ата Мекен” партиясынын жана парламенттеги фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасына кайрылып, парламенттин кезексиз сессиясын чакыртууну өтүндү.

Оппозициячыл лидердин бүгүн жарыяланган кайрылуусунда “өлкөдөгү коомдук-саясий абалды жана президенттик шайлоого байланыштуу туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулоо үчүн” бул отурум зарыл деген ой камтылган.

Ошондой эле Текебаев төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоо жараянына толугу бойдон жооптуу экенин эскертип, анын тил боюнча сынакка катышуусун камсыз кылууга чукул чараларды көрүүнү суранды.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, 30 миң кол топтоп, 1 миллион сомдук күрөө коюу зарыл. Ө.Текебаев азыр камакта кармалууда. Аны Башкы прокуратура "орус жараны Маевскийден пара алган" деген доо боюнча сотко берген. Оппозициячыл саясатчы бул доону негизсиз деп, четке кагып келет.

Ө.Текебаевдин адвокаттары Боршайком мыйзамды бузуп, анын тил сынагынан өтүүсүнө тоскоолдук жасап жатат деген пикирде. БШК мындай айыптоону четке кагууда.

Мамлекеттик тил сынагынын мөөнөтү 10-августта аяктайт. Азырынча президенттикке талапкер катары арыз берген 57 адамдын 20дан ашууну андан өттү. (RK)