Укук коргоочу улут аралык мамиле боюнча күч органдарына кайрылды

Укук коргоочу Изатулла Рахматуллаев аз улуттарды интернеттеги социалдык тармактар аркылуу басмырлоо жайылып жатат деп Башкы прокуратурага жана УКМКга кайрылды. Ал мындай пикир жазгандарды кылмыш жообуна тартууну сунуштап жатат.

Ош шаарында ишмердик кылган укук коргоочу аталган эки мекеменин жетекчилерине ачык катты 1-август күнү жиберди. Анын айтымында, маалымат сайттарына "Ошко Өзбекстан жаңы мектеп курат" деген кабар чыккандан бери этностук азчылык өкүлдөрүнө жек көрүү сезиминде жазылган пикирлер көбөйгөн.

Башкы прокуратура жана УКМК бул кайрылуу тууралуу комментарий бере элек. Бирок улут аралык кастык козутуу маанайындагы ар бир кадам дыкат текшерилерин билдиришти.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинде “улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган иш-аракеттери” деген пункт бар. Ушул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар 7 жылдан 10 жылга чейин камалат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 2012-жылы "Рабат иш планы" деп аталган документти кабыл алган. Ага ылайык, Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да кылмыш жообуна тартыла турган билдирүүлөр менен жөн гана административдик же жарандык жоопкерчиликке гана ээ болгон билдирүүлөрдү так айырмалап билиши керек.

Кыргызстанда 80дей улуттун өкүлү жашайт. 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык чырдан улам 400дөн ашуун адамдын, анын арасында бейкүнөө балдардын өмүрү кыйылган. (SE/RK)