Бишкекте жаңы прокурор ишке киришти

Абдибакыт Халмурзаев Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалды. Башкы прокурордун бул дайындоо тууралуу буйругу кечээ чыкты, бүгүн ал мекеменин жамаатына тааныштырылды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык прокуратурадан кабарлашты.

Буга чейин Халмурзаев Бишкектин Октябрь районунун прокурору болчу.

Борбор калаанын ага чейинки прокурору Кубанычбек Бейшекеев өткөн аптада кызматтан кеткен. Башкы прокуратура ал пенсияга чыкканына байланыштуу өз каалоосу боюнча ишин тапшырганын кабарлаган.

Кубанычбек Бейшекеев камактагы оппозициялык саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна мамлекеттик айыптоочу болуп катышып жаткан.

Соңку апта ичинде Талас облусунда жана Ош шаарында да прокуратура жетекчилери алмашты. (YrU/RK)