Лавров менен Тиллерсон Манилада жолугушууну макулдашты

Рекс Тиллерсон жана Сергей Лавров.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров телефон аркылуу байланышып, Түндүк Кореянын 28-июлдагы ракета сынашына байланышкан маселени талкуулашты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, алар БУУнун Коопсуздук кеңешинин Пхеньянга карата мүмкүн болгон кадамдарын ортого салышты. Лавров Түндүк Кореянын ядролук жана ракеталык программалары боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада калыбына келтирүүгө, сабырдуу болууга чакырды. Ошондой эле тараптар Филиппиндин борбору Манилада 6-8-августта өтө турган Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттер ассоциациясынын аймактык форумунун алкагында жолугушуп, Орусия менен АКШнын мамилесин талкуулоону макулдашты.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасына америка-орус алакасы өтө төмөн деңгээлге түшүп кеткенин жазып, буга Конгрессти айыптаган.

2-августта Трамп Орусияга каршы жаңы санкциялар камтылган мыйзамга кол койгон.

Документке ылайык, америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салынат. Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизилет. Санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат.

Орусия президенти Владимир Путин АКШ конгрессмендеринин жаңы чарасына жооп кылып, Орусиядагы миңден ашык америкалык дипломаттардын 755и кыскарат деп билдирген.