Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Хасан Роуханини президенттикке расмий бекитти.
“Шайлоонун жыйынтыгын бышыктайм жана сизди жумурияттын президенттигине дайындайм”, - деди Хаменеи бүгүн Тегеранда Иран расмий өкүлдөрү жана чет өлкөлүк коноктор катышкан салтанатта.
Өзүн байистүү саясатчы катары атап жүргөн 68 жаштагы Роухани май айында экинчи мөөнөткө шайланган. Жаңы президент 5-августта парламентте ант бермекчи.