Анвар Сартаев талапкерлигин чакыртып алды

Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Анвар Сартаев арызын кайра чакыртып алды.

Мамлекеттик тил комиссиясы билдиргендей, буга байланыштуу ал 2-августта кыргыз тилинен сынак тапшырууга катышкан жок.

62 жаштагы пенсионер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкер болууга арыз берген.

Учурда талапкер болууну көздөгөндөр кыргыз тили боюнча тест тапшырууну улантып жатышат. 2-августта алдыдагы саясий жарышка катышууну көздөгөн Кубан Чороев, Турсунбек Акун, Улукбек Кочкоров тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү деп табылды. Сынакта жетиштүү балл топтой алгандарга мамлекеттик тилин В2 деңгээлинде билет деген сертификаттар тапшырылган.

Президент болууну көздөгөндөр тил сынагын 26-июлдан тарта тапшыра баштады. Бир күндө төрт талапкер тестирлөөдөн өтөт. Мамлекеттик тилди билгенин аныктаган сынактан өтүү - президенттик кызматка талапкерлерди расмий каттоо үчүн коюлган башкы талаптардын бири. Ушул кезге чейин тил сынагынан өтпөй калгандар каттала элек. (NT)