Илимдер академиясында үч миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Илимдер академиясынын башкы имараты

Улуттук илимдер академиясында дээрлик үч миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынан кабарлашты.

Бул сумма, Эсеп палатасынын маалымат катчысы Роза Алмакунованын айтымында, мекемедеги бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын 2015-2016-жылдары сарпталышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында белгилүү болду.

Арасында акча каражаттарынын, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпей калышына, айлык жана башка акчанын туура эмес төлөнүшүнө байланыштуу себептер бар.

Академиянын жетекчилигине бул мыйзам бузууларды жоюу боюнча чара көрүү талабы коюлду. Мекеме мамлекеттен каржыланант, курамында беш илимий институт бар. Быйыл июнь айында айрым кызматкерлер 2013-жылы мыйзамсыз документтер аркылуу акча “жасаган” деп айыпталып, кылмыш иш козголгонун Башкы прокуратура кабарлаган. (RK)