Кыргызстанда жарым жылда катталган кылмыш саны 13 миңге жетти

Бул тууралуу 1-августта Ички иштер министрлигинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгы талкууланган учурда айтылды.

Мекеменин маалыматтык технологиялар башкармалыгынын билдиришинче, 2017-жылдын январь-июль айларында 12908 кылмыш катталса, анын 12209у боюнча иш козголгон.

Он бир миңден ашуун кылмыштын бети ачылган. Тергөө бөлүмдөрү 9959 кылмыш ишин иликтеп сотко жиберген. (NT)