Пакистан Улуттук кеңеши 1-августта Шахид Хакан Аббасини премьер-министрликке шайлады. Ал 342 парламентарийдин 221инин добушун алды.
Аббасини кайра эле парламентте көпчүлүктү түзгөн, мурдагы премьер Наваз Шарифтин Пакистан мусулман лигасы - Наваз партиясы көрсөткөн.
Наваз Шарифти болсо өткөн жумада Жогорку Сот коррупцияга айыптап, премьерликтен четтеткен.
Аббаси буга чейин өлкөнүн мунай министрлигин жетектеп келген.