Ирандын мурдагы президенти миллиарддаган доого жыгылды

Махмуд Ахмединежад

Президент кезинде миллиарддаган долларды туура эмес пайдаланган деп Иран соту Махмуд Ахмадинежадга жети айып такты. Бул тууралуу 30-июлда өлкөнүн аудит боюнча Жогорку Сотунун прокурору Файаз Шожай жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде билдирди.

Жети иштин бешөө мунай, газ жана башка өндүрүмдөрдөн түшкөн кирешеге байланыштуу.

Бир эле иш боюнча казынага 2 млрд доллар түшпөй калганы, ал акча элге субсидия катары мыйзамсыз берилип кеткени белгиленет делет. Иран бийлиги 2010-жылы элге азык-түлүк жана күйүүчү май берүүнү акчалай жардамга алмаштырган.

Бул каражаттарды мурдагы президент өз жанынан кайтарышы керектиги белгиленет. "Биз анын бардык мүлкүн карап чыктык. Бирок ал жада калса 500 млн доллларга да жетпейт" дейт прокурор Шожай.

Ошол эле учурда Ахмадинежад ыксыз сарптады деген 7 млрд долларды өмүрүндө таба албасы, анын ордуна жаза катары мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынышы ыктымалдыгын да прокурор кошумчалайт.