ЕАЭБ: Лаборатория ачууга бюджеттен 52 миллион сом бөлүндү

Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттерине туура келтирүү үчүн Кыргызстанда тиешелүү лабораторияларды ишке киргизүүгө мамлекеттик бюджеттен 52 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте вице-премьер-министр Олег Панкратов жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери өткөргөн маалымат жыйынында айтылды.

Ветеринардык лабораториялар үчүн 2 миллион сомдук жабдык сатылып алынды, 12 лаборатория август айынын аягына чейин ишке кирет.

Соңку жарым жылда ЕАЭБ базарына чыгуу укугун алган кыргызстандык экспортерлордун саны 19дан 28ге өстү. Учурда дагы 7-8 ишкананын арызы каралып жатат.

Жаңы техрегламенттер негизинен тамак-аш, оюнчук, таңгактоо, лифт, темир жол коопсуздугуна багытталган.

Пресс-конференцияда айтылгандай, бүгүнкү күнгө карата төрт миң ветеринар окутулду. Жаңы эрежелер байкалаарлык өзгөрүүлөргө алып келбейт, ишкерлер, фермерлер санитардык талаптарды аткаруусу гана зарыл. Ички рынокто ушундай эле эрежелер сакталат.

Орусия менен Беларус негиздеген Бажы биримдиги кийин кеңейип, ЕАЭБ болуп кайра түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ага Армения, Казакстан, Кыргызстан да мүчө. Бул беш өлкөнүн ичинде бажы көзөмөлү жок.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулганына быйыл эки жыл болду. 12-августтан тарта Кыргызстанда өндүрүлүп, уюмдун ичинде экспортко чыгуучу товарлар жаңы 18 техникалык талапка жооп бериши керектиги мурдатан бери айтылып, өкмөт ишкерлер, фермерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келди.

Техникалык жактан Орусиядан жардам берилип жатат. (ZKo)