Орусияда Украинанын жараны 12 жылга кесилди

Орусиянын Донбасстагы саясатына каршы украин жарандарынын акциясы.

Орусияда украин жараны Ростов облусунда теракт даярдаган деген айып боюнча 12 жылга эркинен ажыратылып, айып пулга жыгылды. Тергөөчүлөр 61 жаштагы Олексей Сизонович 2014-жылдын апрелинде Украинанын Луганск облусунда жана Орусиянын Ростов чөлкөмүндө террордук чабуулдарды ишке ашыруу үчүн Киевде кылмыштуу топ түзгөн деп ырасташууда. Тергөөнүн версиясы боюнча Сизонович жардыргыч заттарды жасап турган, алардын жардамы менен Краснодон районунда эки цистерна жардырылган. Украинанын расмий өкүлүнө былтыркы августтан бери камакта жаткан Сизонович менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбегени кабарланууда.

Укук коргоочу активисттер Орусия Крымды басып алгандан бери бир катар украиналыкты саясий негизде түрмөгө салган деп санашат.

Март айында Европа парламенти Орусияны Крым жарым аралында жана Украинанын жикчилер көзөмөлдөгөн аймактарында кармалып жаткан 30 чакты украин жаранын бошотууга үндөгөн.