Террор чакырыктарына каршы чаралар катуулады

Кыргызстанда террорчулукка жана экстремизмге каршы чараларды катуулатуу аракети көрүлүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн «Жарандык-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Анын долбоору быйыл 29-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Жаңы мыйзам экстремизмге жана террорчулукка үндөгөн маалыматтык материалдарды ошондой деп таануу тууралуу арыздарды жөнөкөйлөтүлгөн шартта жана тез карап чыгуунун укуктук механизмин түзүү максатында кабыл алынганы айтылды.

Ага ылайык, мындай арыздардын негизинде каралган иштер боюнча чыккан соттук чечимдер жарыяланар замат күчүнө кирет.

Кыргызстанда 20га жакын диний уюм экстремисттик жана террордук багытта деп табылып, алардын ишмердигине тыюу салынган.

Мыйзам боюнча адатта соттук чечимдер 10 күндөн кийин күчүнө кирет. (RK)