Бүгүн Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университетте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, окумуштуу Рахат Ачылованы эскерүү иш-чарасы болот.
Анын жүрүшүндө Ачылова атындагы илимий сыйлык ээлерине тапшырылат. Илимий сыйлык жаш изилдөөчүлөрдү колдоо жана алардын кесиптик жактан өнүгүүсүнө салым кошуу максатында эл аралык «Ата-Түрк-Алатоо» университетинин “Silk Road” изилдөө борбору тарабынан, маркумдун уул-кыздарынын колдоосунда негизделген.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, сыйлыкка талапкерлерди тандоодо социология, философия, гендер, педагогика, элдик аң-сезим, үй-бүлө, жана мамлекетти куруу багытындагы жогорку окуу жайлардын илимий иштери каралган.
Рахат Ачылова 2015-жылы 5-мартта 74 жашында көз жумган. Ал 1941-жылы Баткен облусунун Көк-Таш айылында жарык дүйнөгө келген, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер. Маркум көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору (азыркы Арабаев атындагы университет) болуп иштеген. 15тен ашык илимий эмгектердин, анын ичинде 3 монографиянын автору. Илимий эмгектери негизинен үй-бүлө, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролун, маданиятын изилдөөгө багытталган. Ачылова Жогорку Кеңештин 1995-2000-жылкы чакырылышынын депутаты болгон, “Ардак белгиси” ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. (NT)