Путин интернеттеги купуялуулукту чектеген мыйзамга кол койду

Москвада 23-июлда өткөн жүрүш.

Орусиянын президенти Владимир Путин интернеттеги купуялуулукту чектеген мыйзамга кол койду. Бул маалымат орус өкмөтүнүн расмий сайтына 30-июлда жарыяланды.

Мыйзамга ылайык, Орусияда жарандар өздөрү тууралуу ачык маалымат бербесе, кыска билдирүүлөрдү алмашуу кызматтарын (мессенжер) колдоно алышпайт. Ошондой эле бөгөттөлгөн сайттарды ачып берген анонимайзерлерди же VPN сайттарды колдонууга да тыюу салынат. "Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген бул өзгөртүүлөрдүн басымдуу бөлүгү 2017-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирет.

23-июлда Москвада 800дөй коомдук активист "Интернеттеги эркиндик үчүн" деп аталган жүрүшкө чыгып, онлайн купуялуулукту чектеген соңку өзгөрүүлөргө нааразылык билдиришкен. Алар Орусияда мындай мыйзамдар менен интернетте ой-пикир билдирүү эркиндиги чектелип жатканын айтышкан.

Демилгечилер экстремисттик көз караштарга бөгөт коёт деп ишендирген бул өзгөртүүлөрдү Орусиянын Федерация Кеңеши быйыл 25-июлда, парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Дума 21-июлда жактырган.