Баш прокуратура: 2016-жылы 139 бала зомбулукка кабылган

Бул тууралуу 28-июлдагы өкмөттүн ювиналдык юстиция, балдардын укуктарына байланыштуу өткөн жыйынында айтылды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы 1380 бала кыйын абалга кептелгени аныкталса, 1558ин ата-энеси карабай кеткен. Ал эми 139 бала зомбулукка туш болсо, алардын жарымына жакыны жакыр үй-бүлөдөн.

Жыйында балдардын укуктарын коргоо жана сактоо боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлигинин иши сынга алынды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бул багытта мамлекеттик органдардын биргелешип иш алып баруусу жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр 2016-жылы балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш иши катталса, анын 30дан ашууну сексуалдык мүнөздө болгон. Быйыл жарым жылда да 400дөн ашык кылмыш катталса, анын 50дөн ашыгы сексуалдык мүнөздө экени аныкталган. (КЕ)