Украин жарандыгынан ажыраган Саакашвили сотко кайрылат

Киевдеги Саакашвилини колдогон митинг

Мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили украин президенти Петро Порошенконун аны жарандыктан ажыратуу чечимин сотко берет. Бул тууралуу учурда АКШда экени айтылган саясатчынын Украинадагы адвокаты Павел Богомазов "Азаттыктын" орус кызматы менен маегинде билдирди.

Бейшембиде Киевде Саакашвилинин тарапкерлери нааразылык иретинде президенттин админстрациясына чейин жүрүш уюштурушту.

Кезинде Одесса облусун жетектеген грузин саясатчысынын атуулдугунун жокко чыгарылганы 26-июлда белгилүү болгон. Буга Саакашвилинин эки жыл мурда украин жарандыгын аларда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган.

2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган Саакашвили 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алган болчу.