"Кыргызтест": талапкерлер электен өтүп жатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президенттик шайлоого катышуу арызын берген талапкерлер кыргыз тили боюнча сынак тапшырууну баштады. Алгачкылардан болуп “Кыргызтестти” Назарбек Нышанов тапшырса, экинчи кезек Өмүрбек Текебаевдики болчу. Бирок Текебаев тестке берилген убакыт саатты сотто өткөрсө, анын тарапкерлери БШКны көмөктөшпөй жатканын айыптап, митинг уюштурушту.