Египетте алты казак студенти изделип жатат

Казакстанда изделип жаткан студенттер: Канат Берик (оң жакта) жана Эламан Жазылхан (Фото социалдык тармактардан алынды).

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Египет бийлигине кайрылып, Каирде дайынсыз жоголгон алты казак студентин издөөгө жардамдашууну өтүндү.

Министрликтин 25-июлдагы билдирүүсүнө ылайык, 1993-95-жылдары туулган студенттер Египеттин баш калаасында араб тилин окуп, бир батирде чогуу жашап жатышкан. Алар 20-июлдан бери үй-бүлөсү менен байланышпай калышкан.

Тышкы иштер министрлик изделип жаткан студенттер экстремисттик идеяларга берилбегенин билдирди.

Соңку бир канча жылда Казакстандын жүздөгөн жарандары Сирия жана Ирактагы экстремисттик топторго кошулган.