Аба ырайы: күн ачык болот

Кыргызстанда 25-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 32...37;

Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 33...38;

Баткенде түнкүсүн 17...22, күндүз 33...38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 28...33 градус ысык болот.

Бишкек шаарында 25-июлда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы 19...21, күндүз 35...37 градуска чейин көтөрүлөт.