Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, баш калаада курулуп жаткан кыргыз-түрк ооруканасында татаал операцияларды жасоого шарт түзүлөт. Министрликтин ырасташынча, бир жыл мурун башталган имараттын курулушун ушул жылдын 31-августунда бүткөрүү пландалып жатат.
Негизинен бейтапкана 150 орунга ылайыкталган, бирок өзгөчө кырдаалдар учурунда дагы 150 кишини батыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Ооруканада жүрөккө операция жасоо, бөйрөктү алмаштыруу жана мээнин кан тамырларына изилдөө жүргүзүлөт.
Медициналык имараттын курулушу жана анын жабдыктары Түркия өкмөтүнүн грантына тургузулууда.
Министрликтен белгилегендей, өлкөдө заманбап оорукана жетишпейт жана жогорку квалифициядагы адистердин тартыш. (TSh)