Ысык-Көлдө “Алтай конушу” көргөзмөсү ачылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү тектеш элдер” деп аталган эл аралык форумдун алкагында бүгүн Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда “Алтай конушу” көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө алтай элдеринин каада-салтын, жашоо-турмушун чагылдырган стилде жасалган. Конокторго жана туристтер үчүн маданий-этнографиялык музыкалык программа уюштурулган. Бүгүн көргөзмөнүн ачылыш аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты.