Кыргыз өкмөтү оң рулдуу (тизгиндүү) автоунаанын беш түрүн өлкө аймагына алып кирүүгө уруксат берген токтом чыгарды. Токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 18-июлда кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн кабарлады.
Бул тизмеге автокрандар, автобургу, авто-бетон аралаштыргыч, жуугуч-сугаргыч, таштанды жыйнагыч, кар тазалагыч, ассенизаторлор, өрт өчүргүч, авариялык-куткаруучу, тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар киргизилген.
2015-жылы 28-февралда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. (КЕ)