Муфтият азанды мукамдуу үн менен айтууну сунуштады

Бишкек шаарындагы мечиттерде намаз убагындагы азанды бир убакытта айтуу тапшырмасы берилди.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, шаар казысы Садридин ажы Мажитов, Кыргызстандын дин иштери боюнча башкармалыгы жана жалпы мечит имамдарынын катышуусунда өткөн жыйында айтылды.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, намаз убактысы боюнча китептин негизинде иш алып баруу жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

- Муфтият 2014-жылы бирдиктүү намаз убактысын чыгарганбыз. Негизинен азанды бир убакта айтуу маселеси талкууланды. Жыйын жүрүшүндө мечит имамдарына азанды уккулуктуу, мукамдуу үн менен айтып, элге да жагымдуу маанай тартуулап, калаадагы имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бишкек шаарындагы азандын үнү бир кыйла ирээтке келгендиги айтылып, мындай түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгы бар экендигин билдирди.

Азанды бир убакта айтуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ушундай эле жыйын Ош шаарында өтөт.

Буга чейин Бишкектеги Махмуд Кашкари атындагы мечиттин тегерегинде жашаган айрым тургундар азандын үнү катуу чыгып жатканына даттанып, мэрияга, муфтиятка, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана президенттик аппаратка кайрылышкан.(КЕ)