“Кыргызалтын” “Центеррадагы” үлүшү азайганын ырастады

Кумтөр

“Кыргызалтын” ишканасы Кыргызстандын “Кумтөр” долбоорундагы үлүшү алты пайызга азайды деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Аталган ишкананын жетекчиси Алмаз Алимбековдун белгилешинче, 2016-жылы «Центерра Голд Инк.» компаниясы тарабынан түндүк америкалык Thompson Creek Metals Inc. тоо кен компаниясын сатып алуу боюнча келишим аягына чыккан. Ал эми бул келишимди каржылоо кошумча эмиссиялар аркылуу ишке ашырылды. Келишимдин баасы 1,1 млрд долларын түзгөн. Аталган келишимдин алкагында «Центерранын» кошумча 26,6 млн акциясы чыгарылып, рынокко сатыкка коюлган (141,1 млн доллары тартылды). Мындан сырткары, кошумча 22,3 млн акция Thompson Creek Metals Inc. акцияларына алмаштырылды.

- Мында «Кыргызалтындын» тиешелүү акциялардын (77 401 766 акция) саны ɵзгɵргɵн жок, бирок кошумча эмиссияны чыгаруу «Кыргызалтындын» «Центеррадагы» үлүшүн 32,1 пайыздан 26,6 пайызга азаюусуна алып келди. Ошону менен бирге пропорционалдуу түрдɵ башка бардык акционерлердин үлүштɵрү да азайды. Келишим эл аралык мыйзамдардын талаптарына ылайык ишке ашырылган жана «Центерранын» директорлор кеңешинин бардык мүчɵлɵрү колдогон.

"Центерранын» директорлор кеңеши 11 кишиден турат, алардын үчɵɵ “Кыргызалтын” ишканасынын ɵкүлдɵрү.

Аталган ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекованын “Азаттыкка” айтымында, келишим «Кыргызалтындын» ɵздɵрүнɵ тиешелүү дивиденддердин ɵлчɵмүн 1,5 эсеге кɵбɵйтүүгɵ, экинчиден, кеминде 20 жыл бою дивиденд алып турууга мүмкүнчүлүк берет.

Thompson Creek Metals Inc. активинде алтын, жез, молибден ɵндүргɵн кендер бар. Анын негизги активи болуп Канаданын Колумбия провинциясындагы Маунт-Миллигэн жез-алтын кени эсептелет. Бул Канададагы эң ири, кирешелүү тоо-кен долбоорлордун бири. Андагы алтындын кору -177 тонна, жез – 991 миң тонна. Кенди иштетүүнүн мɵɵнɵтү 2017-жылдан баштап айтканда 20 жылды түзɵт. “Кыргызалтын” Thompson Creek Metals Inc. сатып алуу менен “Центерранын “алтын ɵндүрүүсү кескин жогорулай турганын билдирүүдө.

Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик Кумтөр маселесин бир жаңсыл чечүүнү убада кылган. Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин чечүү боюнча 2014-2015-жылы токтом кабыл алган жана өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген. Бирок алар аягына чыккан эмес.

Былтыр 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Кумтөр боюнча "Центерра" менен теңме-тең сүйлөшүү жүрүп, жылыштар болот деп ишендирген эле.

Буга чейин Жоомарт Оторбаев башында турган өкмөттүн үлүшү 50-50% бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштап, бул Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес.

“Ата Мекен” фракциясы “Кумтөрдү” улутташтырууну жактап келген. (КЕ)