Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу ишти карап жатат. Бүгүн күбөлөрдү суроо уланып жатат.
Аталган партиянын юристи Канатбек Азиздин “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, бүгүн дагы айыпталып жаткан саясатчылардын жакын туугандары, адвокаттарынан башка тарапкерлери зот залына киргизилген жок. Бүгүнкү отурумда Чотоновдун адвокаты Марат Эшперов ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү жана негизги күбө болгон орусиялык ишкерлер Леонид Маевский менен Алексей Модинди ири суммада пара бергени үчүн жоокерчиликке тартууну талап кылды.
Буга чейин бул иш боюнча Убактылуу өкмөттүн Роза Отунбаева баштаган мүчөлөрү көрсөтмө беришкен.
19-июлдагы соттук териштирүү убагында күбөгө маалымат берип, жардам берип жатат деген прокурорлордун билдирүүсүнөн кийин сот Канатбек Азизди, андан кийин залдагы тарапкерлерин чыгарган.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет. (КЕ)