Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Пьер де Вилье өлкө президенти Эммануэл Макрон менен тил табыша албагандыктан кызматтан кетүүгө арыз берди.
Президент менен генералдын ортосунда өкмөттүн коргоо бюджетин кыскартуу планы боюнча пикир келишпестиктер жаралган.
Өз арызында генерал мамлекеттеги коопсуздукту камсыздай турган армиянын "азыркы модели үчүн кепилдик бере албасын" жазган.
Президент де Вильенин арызын кабыл алды.
Өткөн аптада Франциянын Башкы штабынын жетекчиси быйыл коргонууга бөлүнгөн каражатты 850 миллион еврого кыскартуу планын кескин сынга алган. Андан соң президент Макрон улуттук майрам - Бастилияны алган күнү - француз аскерлеринин алдында сүйлөп жатып, генералды субординацияны сактоого чакырган.
Генерал Де Вилье Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабын 2014-жылдан бери жетектеп келген. Анын ыйгарым укуктары бир жылдан соң аяктамак.