Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен бүгүн кабарлашкандай, Ош облусунун Кара-Суу районунан теракт уюштурууга даярданып жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды.
Маалыматка караганда, 4-июлда кармалган жаран 1980-жылы туулган, ал буга чейин Сирия-Ирак аймагындагы куралуу жаңжалдарга катышып келген. Анын диверсиялык-аскерий даярдыктан өткөнү жана өлкө аймагында террористтик акт жасоого даярдык көргөнү айтылат. Кармалган жарандын жашаган жерин тинткен кезде колго жасалган 8 килограммдык жардыргыч зат, аммиак селитрасы жана алюминий пудрасы, экстремисттик мазмундагы материалдар табылган.
Бул боюнча Кылмыш кодексинини 241 жана 28-266-беренелери боюнча (“курал-жарактарды сатуу жана мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо”) кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жаран УКМКнын убактылуу камоо жайына камалды.(КЕ)