Порошенко "Малороссия" тууралуу билдирүүлөрдү айыптады

Петро Порошенко

Украинанын президенти Петро Порошенко өздөрүн "Донецк элдик республикасы" (ДНР) деп атаган жикчил аймактын башчысы Александр Захарченконун украин аймагында "Малороссия" аттуу жаңы мамлекет түзүлгөнү тууралуу билдирүүсүн айыптады. Тбилисиде иш сапары менен жүргөн Порошенко бул демилгени Орусиянын Украинаны бөлүп-жаруу аракети катары мүнөздөдү.

“Захарченко баштаган адамдар саясий ишмерлер эместигин, алар кол бала экенин түшүнүшүңүздөр керек. Алар Орусиядан келген билдирүүлөрдү гана жеткирип турушат”,-деди украин президенти.

Андан мурдараак ДНРдин башчылары "Малороссия" Украинанын Крымдан башка аймагында түзүлөөрүн, Донецк шаары анын борбору катары саналарын, 19 облустан турарын билдиришкен. Бирок өздөрүн "Луганск элдик республикасы" (ЛНР) деп атаган аймактын өкүлдөрү болсо "Малороссиянын" түзүлүшүнө эч тиешеси жоктугун айтышкан.

Украинадагы соңку жагдай боюнча Кремль азырынча комментарий бере элек.