Сурамжылоо: америкалыктардын 48 пайызы Трамптын ишине каршы

Дональд Трамп.

Дональд Трамп.

The Washington Post гезити менен ABC News телеканалы биргеликте жүргүзгөн сурамжылоого катышкан америкалыктардын 36% гана АКШ президенти Дональд Трамптын ишмердүүлүгүнө оң баа беришкен. 48% Трамптын ишин кескин сындоочулардын катарында экенин айтышкан.

Анкетада "Дональд Трамптын уулу менен күйөө баласынын шайлоо кампаниясы учурунда орусиялык юрист Наталия Весельницкая менен жолугушканы этикага жатабы" деген суроого респонденттердин 63% “жок” деген жооп кайтарышкан.

Сурамжылоого катышкандардын 41% Трамптын жардамчылары Орусиянын шайлоо кампаниясына кийлигишүүсүнө шыкакчы болушкан деген көз карашта экени маалым болду. 44% Кремлдин аракети республикачыл талапкерге пайда алып келгенин божомолдошкон. 48% Трамп Путинге тең эмес деген пикирин билдиришкен.

Маалыматка караганда, президенттердин мындай төмөнкү рейтинги АКШда 70 жыл мурун катталган.