Орусия АКШны дипломатиялык имараттарын кайтарып берүүгө үндөдү

Дмитрий Песков

Орусия АКШ өкмөтүн декабрь айында президент Барак Обаманын тушунда жабылган эки дипломатиялык имаратын кайтарып берүүгө чакырат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 17-июлда билдирди.

"Биздин америкалык кесиптештер саясий акылмандыкты жана саясий эркти көрсөтөт деп үмүттөнөбүз",-деди Песков.

Мындай билдирүү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шеннон Вашингтондо жолугаар алдында жасалды.

Быйыл январь айында президенттик мөөнөтү аяктаган Барак Обама Мэриленд жана Нью-Йорк штаттарындагы дипломатиялык имараттарды тартып алуу жана 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Бул чечимге Орусиянын АКШнын шайлоосуна кийлигишкени себеп болгону кабарланган.

Расмий Кремль Обаманын бул буйругун негизсиз деп четке каккан.