“Бишкекте кыргызча үйрөнө албай койдук”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Полина, Карина жана Лиза Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка институтунун студенттери. Алар кыргыз тилин окушат. Теориялык билимин иш жүзүндө бекемдөө, кыргыз маданияты менен жакындан таанышуу үчүн Кыргызстанга алгачкы ирет келишти.