БУУ: Ооганстанда курмандыктардын саны өсүүдө

Кабулдагы унаа жардыруусу, 31-май 2017-жыл.

Ооганстандагы куралдуу жаңжалдарда мерт болгон жайкын тургундардын саны былтыркыдай эле рекорддук жогорку деңгээлде кала берүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча миссиясы 17-июлда жарыялаган баяндамасында билдирди.

Ага ылайык, 1-январдан 30-июнга чейин Ооганстанда 1662 жөн-жай тургун мерт кеткен. Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 2 пайызга көп. Бирок быйыл жаракат алган жайкын тургундардын саны 1 пайызга азайып, 3581 адамды түздү.

БУУнун маалыматы боюнча, талиптер жана "Ислам мамлекети" сыяктуу радикал топтор менен күрөшүп келе жаткан Ооганстанда 2009-жылдан бери 26500 киши куралдуу кагылышуулардан мерт кеткен.