Үч жыл мурда Донбасста кыйраган учак кырсыгы эскерилүүдө

Гаагадагы мемориалдык отургуч.

Гаага шаарындагы Орусия элчилигинин тушунда жайгашкан паркта үч жыл мурда Донбасста болгон учак кырсыгынын курмандыктары эскерилди. 16-июль күнкү иш-чарага кырсыкта мерт кеткендердин туугандары чыкты.

Голландиянын NRC басылмасы кабарлагандай, алар эскерүү отургучун орнотуп, ага англис тилинде "Malaysia Airlines MH17 учагындагы жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын элесине арналат. Биз жоопкерчиликти жана ачык-айкындуулукту күтөбүз" деген жазуу илишти.

Амстердам-Куала-Лумпур багытындагы ​MH17 учагы 2014-жылы 17-июлда Украинанын аба мейкиндигинде кыйраган. Анын ичиндеги 298 адамдын баары набыт болгон. ​

Эл аралык тергөө тобу учак Орусиядан жашыруун алып келинген ракета менен атып түшүрүлгөн деп бүтүм чыгарган. Расмий Москва буга макул болбой, учакты Украина күчтөрү атып түшүрдү деп айтып келатат.