Баш прокурорго экс-президентке кылмыш иш козгоо укугу берилди

Башкы прокурор Индира Жолдубаева

Башкы прокуратурага өлкөнүн мурдагы президентине карата кылмыш ишин козгоо укугу берилди. Президент Алмазбек Атамбаев 14-июлда “Прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгонун бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, жазык ишин козгоо жөнүндөгү чечимди Башкы прокурор Жогорку Кеңеш Конституцияда аныкталган тартипте кызмат ордунан четтеткен президентине, парламент депутаттарына, премьер-министрге, өкмөт мүчөсүнө, сотторго, Башкы штабдын башчысына, президенттик, парламент жана өкмөт аппараттарынын башчыларына, Коопсуздук кеңешинин катчысына, Эсеп палатасынын, Боршайкомдун төрагаларына, акыйкатчыга жана анын орун басарларына карата козгой алат.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште быйыл 14-июнунда кабыл алынган.

Ал Конституциянын былтыр референдум менен өзгөртүлгөн жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыкканы айтылды. (RK)